Тажикстандын чек арачылары тарабынан Лейлектин тургуну кармалды

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери кечээ, 26-сентябрда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Жаштык айылынын Уразбек Мирзоев аттуу 1995-жылы туулган тургунун кармашты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалган учурда Кыргыз жараны маршруттук таксиде аялы менен Ходжент-Канибадам унаа жолунда Тажикстандын Жигдалик айылына бараткан. Анын кармалганын Кыргызстандын чек арачыларына жубайы айткан. Бүгүн, 27-сентябрда Баткен жана Согди багыттары боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу пландалууда. Кыргыз жаранынын кармалышынын мыйзамдуулугу, ошондой эле аны кыргыз тарапка өткөрүп берүү маселеси каралат.