Тажикстанга дизель майын жана пиязды мыйзамсыз ташып бараткандар кармалды

Мамлекеттик чек арадан күйүүчү-майлоочу май менен пиязды мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Босого тилкесинде чек арачылар менен УКМК кызматкерлери 27 жаштагы жарандын башкаруусундагы бензин ташыган DAF унаасын токтотушкан. Ал мыйзамсыз түрдө Кыргызстандан Тажикстанга 35 тонна дизель майын алып бараткан. Алдын ала эсептөөлөргө караганда, күйүүчү майдын наркы 1 миллион 550 миң сомду түзөт.

Ошондой эле Лейлек районунун Сай айылында чек арачылар Hyundai-Porter унаасы менен 120 кап пиязды Тажикстанга мыйзамсыз ташып бараткан эки кыргыз жаранын аныкташты.

Кармалган жүктөр ээлери менен чогуу андан аркы териштирүү иштерин жүргүзүүгө тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.