Таксист жүргүнчүнү муунтуп, акчасы менен телефонун тартып алган

Каракчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда Чүй ОИИБден билдиришти. 

3-февралда борбор калаанын тургуну милицияга кайрылган. Ал Бишкекте Subaru үлгүсүндөгү унаага отурганын айткан. Таксист аны Маевка айылындагы ээн жерге алып барып муунта баштаган. Кардар эс-учун жоготкон. Ошол кезде таксист анын 9600 сомун жана телефонун тартып алган.

Факты каттоого алынып, кылмышка шектүү кармалды. Ал 1997-жылы туулган, мурда соттолгон жаран экени аныкталган.