«Талаага алып барып, сабап, 150 миң сом талап кылган». Жалал-Абадда кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүү 12-май күнү Базар-Коргон шаарынын тургунун унаасына салып, талаага алып барып, күч колдонуп, 150 миң сом талап кылган.

Шектүү 15-майда талап кылган акчанын 15 миң сомун алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө уланууда.