Атчан суу кечип… Таласта ойноп жаткан жеринен жоголгон 2 жаштагы бала табыла элек

Талас дарыясына чөгүп кеткен 2 жаштагы баланын сөөгүн издөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

«Бүгүн, 14-апрель күнү издөө иштери улантылып, ал жерге жалпы 19 куткаруучу тартылган. Мындан тышкары ИИМден 5 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылды», — деп айтылат маалыматта.

12-апрелде саат 17:30 чамасында Бакай-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Анда Өзгөрүш айылынын тургуну саат 15:30 чамасында 2019-жылы туулган Рамзан Айткулов аттуу баласы үйүнүн эшигинин алдында ойноп жатып, белгисиз себептер менен жоголуп кеткендигин билдирген.