Талас дарыясынан 18 жана 16 жаштагы бир туугандардын жансыз денеси табылды (сүрөт)

Талас дарыясынан бир туугандардын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Милицияга Талас облусунун Манас районуна караштуу Покровка айылынын 18 жана 16 жаштагы тургундары 19-июль күнү дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Маалымат түшкөн күнү милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүшкөн. Ал эми бүгүн жерине Манас райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 5 куткаруучусу издөөгө чыккан.

Издөө иштеринин натыйжасында, Талас дарыясынан 16 жаштагы кыздын сөөгү саат 11:20 чамасында суу үстүндө калкыган абалда табылган. Андан 1,5 саат өткөндөн кийин ӨКБнын адистери суунун түбүнөн агасынын сөөгүн алып чыгышкан.