Талас каналына чөгүп кеткен эки өспүрүм кыз. Бирөөсүнүн жансыз денеси табылды

Талас каналына түшүп кеткен кыздардын биринин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Дөбө айылынан өтүүчү кичи Талас каналына 24-июнда 14 жана 13 жаштагы 2 кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Бүгүн, 25-июнда издөө иштерин жүргүзүү үчүн Бакай-Ата райондук №93 ӨКБдан 10 куткаруучу тартылып, саат 08:30 чамасында изделип жаткан 2 кыздын бирөөсүнүн жансыз денеси жергиликтүү тургундар тарабынан табылган. Учурда издөө иштери уланууда.