Талас каналына түшүп кеткен экинчи кыздын жансыз денеси табылды

24-июнь күнү түнү Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылынан өтүүчү кичи Талас каналына 2 кыз түшүп кетип, бирөөсүнүн жансыз денеси эртеси эртең менен жергиликтүү тургундар тарабынан табылган.

Ал эми 2009-жылы туулган кызды кечинде саат 17:30 чамасында жергиликтүү тургундар Миң-Булак айылынан табышкан. Маркумдардын жансыз денелери туугандарына өткөрүлүп берилген.