Талас лицейинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Талас облустук прокуратурасы тарабынан Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Талас облустук лицей комплексинде текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө лицейдин жооптуу кызматкерлери 2019-2023-жылдар аралыгында кызматтын кызыкчылыктарына каршы кыянаттык менен пайдаланып, белгиленген айлык акыдан сырткары 1 миллион 662 миң 337 сом акча каражатын эмгек акыны эсептөө китебине киргизбестен, өздөрүнүн банктык карталарына мыйзамсыз которуп алышкандыгы аныкталды. Кылмыш-Жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүү Талас ОИИБине тапшырылды.