Талас облусунда жерди мыйзамсыз менчикке өткөрүүгө шектелип мамлекеттик кызматкерлер кармалды

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-июнда Талас райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жеке турак-жай куруу бөлүмүнүн башчысы Т.А.А., “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Талас райондук бөлүмүнүн жерге жайгаштыруучусу Ж.А.М. жана Талас районунун Нуржанов айыл аймагынын жер адиси И.К.К. кармалып, Талас ОИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөөнүн жүрүшүндө жогоруда аталган адамдар материалдык пайда алуу максатында айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамсыз берип, менчикке өткөрүп жиберишкени аныкталган. Адистердин айтымында, бул аймактагы 0,15 гектар жердин баасы 1 миллион 300 миң сомго бааланат. Учурда тергөө тарабынан келтирилген зыянды аныктоо боюнча тиешелүү процессуалдык чаралар көрүлүүдө.