Таластын Кара-Буура районунда 18 жаштагы кыз атып өлтүрүлдү

Кечээ, 4-июнда Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Жаңы-Жер айылында 18 жаштагы кыз мылтыктын огунан каза болду. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.

Маалымат боюнча, саат 15:20 чамасында Тез жардам кызматы тарабынан милиция бөлүмүнө кыздын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери келгенде кыздын жансыз денеси унаада экендиги, алдын ала маалымат боюнча анын октон каза тапкандыгы аныкталган. Каза болгон кыз 11-класстын окуучусу, Жаңы-Жер айылынын 2003-жылкы тургуну болуп чыккан. Аны мылтык менен атып кетүүгө шектелген жигит да 11-класста окуган. Азыркы учурда кылмышка шектүү изделүүдө. Күбөлөрдүн айтымында, ал токойго качып из жашырган.

Факты боюнча материалдар каттоого алынып, «киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши ачылды. Соттук-мдеициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери уланууда.