Талас облусундагы мектептин оңдоо иштеринин баасы 1,5 миллион сомго ашыкча көрсөтүлгөн

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө мамлекетке 1 572 831 сом зыян келтирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

2015-жылдын 23-декабрында Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Инвестициялар, оңдоо жана материалдык камсыздоо боюнча департаменти “Б-С” жоопкерчилиги чектелген коому менен Кара-Буура районунун Аманбаев айылында жайгашкан Чыңгыз Айтматов атындагы орто мектептин имаратына капиталдык ремонт иштерин жүргүзүү үчүн келишим түзүп, ага ылайык республикалык бюджеттен 13 764 170 миң сом каржыланган. Оңдоо иштери жүргүзүлгөндөн кийин жогоруда аталган департаменттин кызматкерлери мектептин имаратын пайдаланууга кабыл алышкан.

Бирок, аткарылган жумуштарды текшерүүгө алган учурда, мектеп имаратынын оңдоо иштеринин айрым жумуштары жогорулатылган баада көрсөтүлгөндүгү жана алар сапатсыз аткарылгандыктан кошумча чыгымдар талап кылынаары такталды.

Бул факт Жазык Кодексинин 320-беренеси менен (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.