Талас районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Талас районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Маалыматты ӨКМден тастыкташты.

Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, 22-апрелде нөшөрлөгөн жамгырдан Талас районуна караштуу Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат, Кең-Кол айыл аймагынын Ак-Жар айылында жана Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылдарында жааган жамгырдын кесепетинен сел жүргөнүн билдирген.