Талас шаардык милициянын тергөөчүсү кармалды (видео)

Опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча Талас ШИИБдин тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

17-сентябрда козголгон кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө жаранга карата кылмыш ишин козгоону токтоткондугу үчүн 40 миң сом өлчөмүндө пара талап кылган деген шек менен Талас ШИИБдин тергөөчүсү  милициянын улук лейтенанты кармалып, тергөө абагына киргизилди.