Таласта 100 миң доллар пара берүү учурунда 2 ишкер кармалды

Таласта 100 миң доллар өлчөмүндө пара берип жаткан ишкерлер кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК кызматкерине өзгөчө ири өлчөмдө пара берүүгө аракет кылып жаткан учурда тоо-кен тармагындагы ишканалардын ээлери М.В.И. жана Э.Д.Н. кармалды. Тактап айтканда, тоо-кен тармагындагы кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен кендерди иштетүүгө лицензияларды мыйзамсыз берүү боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталган.

Буга чейин аталган факты боюнча УКМК тарабынан Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызмат адамдарына кылмыш иши козголгон.

23-августта ЖЧКнын ээлери аталган кылмыш ишин токтотуу үчүн 50 миң доллар сумманын бир бөлүгүн УКМК кызматкерине өткөрүп берүү учурунда кармалды. Кармалгандар Талас шаардык сотунун чечими менен эки айлык мөөнөткө убактылуу кармоочу жайына киргизилди.