Таласта 12 жаштагы кыздын зордукталышы. Сот өкүм чыгарды

Таласта 12 жаштагы кызды зордуктаганы үчүн эки өспүрүм 8 жылга эркинен ажыратылды. Өспүрүмдөр кызды агасын урам деп коркутуп, зордукташкан. Бул тууралуу соттун чечиминде айтылат.

16 жаштагы жана 17 жаштагы эки өспүрүм 2020-жылдын июль айынан тарта 12 жаштагы кыз менен бир нече жолу жыныстык катнашта болгон. Алар жабырлануучунун 15 жаштагы бир тууган агасына күч колдонобуз деп коркутушкан. Тактап айтканда, 2020-жылдын 17-ноябрында эки шектүү кыздын агасына телефон чалып, карындашын алып келүүгө мажбур кылган. Алар келгенден кийин кызды мончого алып барган жана анын каалоосуна каршы жыныстык катнашка барган.

Айыпталуучулар күнөөлөрүн мойнуна алышкан эмес. Сот эки шектүүнү тең күнөөлүү деп таап, 8 жылга эркинен ажыратты.