Таласта 13 жаштагы кош бойлуу кыздын ооруканага түшүшү. Зордуктоого өгөй атасы шектелүүдө

Буга чейин Таласта 13 жаштагы кош бойлуу кыздын ооруканага түшкөнү маалым болгон. Баланын баш сөөгү өспөй калгандыктан, кош бойлуулукту операция жолу менен токтотууга даярдык көрүлүп жатканы да айтылган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Талас ОИИБден окуя боюнча маалымат беришти.

8-февраль күнү Кара-Буура РИИБге 1982-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Анда биринчи никеден төрөлгөн 2009-жылы туулган кызын учурдагы жолдошу күч колдонуу менен зордуктап, анын кесепетинен кызы 26 жумалык боюнда бардыгын билдирген. Аталган факты РИИБге Жазык кодексинин 154-беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган. Учурда 1977-жылы туулган Көк-Сай айылынын тургуну милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, Кара-Буура РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.