Таласта 14 жаштагы кыз зордукталган. 22 жаштагы шектүү кармалды

Таласта 14 жаштагы кыз зордукталган. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга 16-март күнү Талас районуна караштуу Арал айылынын​ 1958-жылы туулган тургуну​ арыз менен кайрылган. Анда 27-январь күнү саат 14:00 чамасында Талас районунун Арал айылынын тургуну 2009-жылы туулган небересин ак түстөгү унаасында ​күч колдонуп зордуктаганын билдирген. Аталган факты боюнча зордуктоо беренеси менен кылмыш иши козголгон. Алдын ала текшерүү учурунда шектүүнүн аты-жөнү такталып, ​Арал айылынын ​2001-жылы туулган ​тургуну экени​ аныкталып, ал кармалды.