Таласта 16 жаштагы кыз курбусу менен зордукталган. Шектүүлөрдүн бири кармалды

Талас РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Талас шаарынын 53 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 2024-жылдын 2-июль күнү 2008-жылы туулган кызын жана кызынын курбусун 2 бала зордуктап коюшканын билдирген. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти

Ошондой эле Талас РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Талас шаарынын 26 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 2007-жылы туулган карындашын курбу кызы менен 2 бала зордуктап коюшканын билдирген.

Бул окуя Талас РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишине шектелип 2006-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми окуянын дагы бир катышуучусу 1994-жылы туулган жаран из жашырып жүргөндүгүнө байланыштуу, тергөөгө камсыз кылуу иштери жүрүп жатат.