Таласта 17 жыл мурун жаран токойдо өлтүрүлгөн. Шектүү эми кармалды

Талас облустук милициясы киши өлтүрүүгө шектелип, бирок 17 жыл изин жашырып жүргөн жаранды кармады. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

2008-жылдын 28-майында саат 18:30 чамасында 1968-жылы туулган Талас шаарынын тургунун 3 эркек киши мас абалында Талас шаарындагы үйлөрдүн биринен астынан токтотуп алышып, уруп-сабашып, унаага салып, токойго алып барышып, дагы сабашып, ошол жерге таштап кетип калышкан.

Кесепетинен жабырлануучу алган жаракатынан улам көз жумган. Бул факты ошол учурда милиция тарабынан каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин (1997-жылдагы редакция) 97-статьясы (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында милиция тарабынан 2 жаран кармалып, өз жазаларын алышкан. Кылмыш ишине шектүүлөрдүн бири, Талас шаарынын 1984-жылы туулган тургуну тергөөгө келбей изин жашырып качып кеткендиктен 2008-жылдын август айында издөө жарыяланган.

Дээрлик 17 жыл убакыт шектүү Кыргызстандын аймагына келбей, чет өлкөдө качып жүргөн. Милиция аталган жаранды таап, кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн иликтөө-издөө иштерин токтоткон эмес. Тынымсыз көрүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында, 2025-жылдын 20-май күнү Талас ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шектүү Бишкек шаарынан кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.