Таласта 23 жаштагы келин ичиндеги ымыркайы менен каза тапкан. Милиция маалымат берди

Буга чейин Таласта 23 жаштагы келиндин каза болгону маалым болгон. Милиция кенен маалымат берди.

Милицияга Талас райондук жалпы дарыгерлик практика борборунан телефон аркылуу билдирүү түшкөн, анда 3-январь күнү саат 07:18 чамасында Кара-Ой айылынын тургуну 2001-жылы туулган келин Чат-Базар оорукананын төрөт бөлүмүнө келип көрүнүп, каза болуп калгандыгын билдирген. Аталган билдирүү Талас РИИБге катталган. Дароо тергөө-ыкчам тобу жерине чыгып тийиштүү иш-аракеттерин уланткан. Мындан тышкары, Кара-Ой айылынын тургуну 1993-жылы туулган жаран менен кайрылып, 3-январь күнү саат 06:00 чамасында Чат-Базар айылында жайгашкан оорукананын төрөт бөлүмүндө келинчеги каза болуп калгандыктан, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп, күнөөлүү тарапты таап, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранып кайрылган.

Жогоруда көрсөтүлгөн фактыларда Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери байкалгандыктан кылмыш иши козголгон. 3-январда өлүмдүн себептерин тактоо үчүн экспертизалар дайындалган.

«Азыркы учурда тиешелүү экспертизалардын кортундулары даяр болбогондугуна байланыштуу, текшерүүсү жүргүзүлүүдө, кылмыш иши көзөмөлгө алынып, тергөөнүн жыйынтыгы менен мыйзамга негизделген чечим кабыл алынат», — дешти.

Редакцияга Талас ОИИБден келиндин ичиндеги ымыркай да чарчап калганын тастыкташты.

Журналисттерге Талас районунун саламаттык сактоо бөлүмү маалымат берип, келин толгоо учурунда жан бергенин, төрөт кабыл алган дарыгер жумуштан четтетилгенин, бул келиндин 2-төрөтү экенин айтышкан.