Таласта 30 жаштагы жаран киши колдуу болду. Аны өлтүрүүгө шектелип бир тууган иниси кармалды

22-июнда Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылынын тургуну 1999-жылы туулган М.Ж. арызы менен кайрылган, анда 21-июнь күнү саат 19:00 чамасында бир тууган байкеси 1994-жылы туулган М.К. үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирип, таап берүүңүүнү суранып кайрылган. Аталган арыз Бакай-Ата РИИБ тарабынан каттоого алынып, издөө иштери жүргүзүлүп башталган.

24-июнда саат 18:30 чамасында дайынсыз болуп жаткан 1994-жылы туулган М.К. өзү жашаган үйдүн артындагы сарайынын жер төлөсүнөн киши колдуу болгон жансыз денеси табылган. Аталган факты боюнча Бакай-Ата РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, КЖКнын 122-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн (Адам өлтүрүү) кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам иш-аракеттердин жыйынтыгы менен кылмышка шектүү катарында маркумдун бир тууган иниси 1999-жылы туулган М.Ж. кармалып, Талас ОИИБдин УКЖга камакка алынды. Учурда тийиштүү соттук экспертизалар дайындалды. Кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.