Таласта 4 баллга жеткен жер титиреди

Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, саат 10:26да Кыргызстандын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда (φ = 42°18´с.ш.λ = 72° 07´в.д.) күчү 4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган (энергетикалык класс К=10.0).
Жер титирөө Талас облусунун Бакай-Ата районунун Маданият, Ынтымак айылдарында, Талас районунун Козучак айылында 3 балл сезилген. Ал эми А.Огонбаев, Калба, Кум-Арык айылдарында, Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында жана Талас шаарында 2,5 баллга (Ынтымак айылынан 15 чакырым түштүктө, Талас шаарынан 25 чакырым түштүк батышта) жеткен. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок