Талас облусунда жер титиреди

Бүгүн, 31-мартта болжол менен саат 07:43 чамасында Талас облусунда очогундагы күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Анын күчү Кара-Буура районунун Көк-Сай, Шекер жана Кара-Сай айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.