Таласта 40 даана уюлдук телефон уурдоого шектелип жаран кармалды

Талас облусунда 40 даана уюлдук телефон уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылда бир канча дүкөндөн жалпы суммасы 56 миң сомду түзгөн 40 даана уюлдук телефон уурдалган. Кылмышка шектелип 48 жаштагы жаран кармалды.

“Шектүү уурдалган товардын бир бөлүгүн сатуу үчүн Казакстан жана Орусияга жибергенин, калган бөлүгүн өлкөнүн ичинде сатып жибергенин айтты. Ал ошондой эле материалдык чыгымды төлөп берүүгө даяр экенин билдирди”, — деп жазылат маалыматта.

Бул факты боюнча Жазык кодексинин 200-беренесине (уурдоо) ылайык, кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери уланып жатат.