Таласта 41 баш топоз уурдоого шектелип арыз ээсинин айылдашы жана 2 шериги кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Талас РИИБге 2002-ж.т. жигит арыз менен кайрылып, 2025-жылдын 14-октябрь күнү Талас районунун Кара-Кол жайлоосунан 41 баш топоздорум жок болуп жатат деп билдирген.
Бул факты Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (Мал уурдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары арыз ээсинин айылдашы, Талас районунун тургуну 1983-ж.т. Р.К. жана анын кылмыштуу шериктери Талас шаарынын тургуну 1982-ж.т. Н.Т., Ош облусунун Ноокат районунун тургуну 1980-ж.т. М.Ю. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.