Таласта 7 жаштагы бала сууга чөгүп каза болду

Кечээ, 10-июль күнү Таш-Башат айылында Манас райондук өзгөчө кырдаал бөлүмүнөн 3 офицер түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан учурда Кыдыралы каналына 2016-жылы туулган эркек бала түшүп кеткендигин жергиликтүү тургундар билдиришкен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Куткаруучулар жергиликтүү тургундар менен биргеликте баланын жансыз денесин суудан чыгарышып, ата-энесине өткөрүп беришти.