Таласта 8 кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы. Авариянын чоо-жайы

Кечээ, 15-октябрь күнү саат 22:54 чамасында Талас районуна караштуу Кара-Ой айылында Хонда-Степвагон менен ДАФ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаалар жол кырсыгына кабылып, анда 8 адам каза болгону маалымдалган.

Жеңил унаанын 40 жаштагы айдоочусу эл ташып иштейт жана кырсыкка кабылган күнү Таластан Бишкекти көздөй келе жаткан. Аварияда өзү жана унаадагы жети жүргүнчүнүн баары мүрт кеткен. Алардын баарынын аты-жөнү такталып, каза болгондордун эң улуусу 60 жашта, эң кичүүсү 12 жашта болгону аныкталды. Оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу аман калган, ал Талас районунун 1990-жылы туулган тургуну экени аныкталып, ооруканадагы кароодон кийин үйүнө чыкты.

Буга чейин «Элдик кабарчы» рубрикасына жогорудагы кырсыкка күбө болгон окурман оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу жеңил унаа жолдогу жылкыдан качып, алдына кирип кеткенин айтканын билдирген.