Таласта 8-класстын окуучусун өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу изделип жатат

Милиция мектеп окуучусун өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочуну табууга жардам сурайт. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-октябрда болжол менен түнкү саат 04:50 чамасында Манас райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө билдирүү түшкөн. Анда Чоң-Капка айылынын ичинде түндүк тарабынын түштүктү көздөй бараткан жолдун сол жак бетинде адамдын жансыз денеси жатканын айткан. Тергөө-ыкчам тобу жерине барып, Чоң-Капка айылынын ичинде Гребень Плотина жолунун 6,5 чакырымынан жолдун чыгыш жак бетинде эркек адамдын жансыз денеси жатканы аныкталган.

Адамдын жансыз денесине кароо жүргүзгөн учурда анын башынан катуу жаракат алгандыгы аныкталган. Окуя болгон жерде белгисиз унаанын дөңгөлөгүнүн изи калганы байкалган. Каза болгон жаран жашы жете элек 2007-жылы туулган өспүрүм экендиги жана ал Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылында жайгашкан Рахманбердиев атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу экени такталган. Жансыз дененин жаракатын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Кара-Буура районунун СМЭ бюросуна тапшырылган.

Аталган факты Манас РИИБге Жазык кодексинин 297-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жана иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Ошол замат “Перехват” планы киргизилип жол кырсыгын жасаган унааны издөөгө бардык күч аракеттер жумшалууда. Аталган жол кырсыгына себеп болгон унааны издеп табуу максатында Талас ОИИБдин кызматкерлери, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери толугу менен тартылды.

Буга байланыштуу Талас ОИИБи жарандарга кайрылат: Аталган жол кырсыгына тиешеси бар кандайдыр бир маалымат болсо, Талас ОИИБдин төмөндөгү телефондоруна чалууңуздарды суранат: 102, 0701 38 38 79, 0500 34 91 91, 0755 102 108. Анонимдүүлүк сакталат.