Таласта зордуктоого кабылган 17 жаштагы кыз көз жарды. Бул тууралуу журналисттерге юрист Луиза Сүйүнтбекова билдирди.
Анын айтымында, кыз Бишкектеги төрөтканада көз жарган. «Эркек бала төрөлдү, дени сак. Өспүрүмдүн ден соолугунун абалы туруктуу. Бөйрөгү ооруп калгандыктан Бишкекке алып келишкен», — деди Луиза Сүйүнтбекова.
- 28-июнь күнү Талас РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Талас районунун Манас айылынын 2005-жылы туулган тургуну кайрылып, ушул эле айылдын 2003-жылы туулган тургунунан боюнда болуп калгандыгын билдирген.
- Аталган факты Талас РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Текшерүү учурунда кыздын 24 жумалык кош бойлуу экендиги аныкталган. Учурда дайындалган соттук-психиатриялык экспертизасынын корутундусу жаңы гана даяр болгондуктан тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.
- Ал эми «Турмуш» басылмасы кыздын апасына шилтеме берип, кызынын кошуна бир туугандар тарабынан зордукталганын жазып чыкты. «Кызымды кошунамдын 17 жаштагы уулу зордуктаганын билдим да үйүнө бардым. Бирок ал бала аскердик кызмат өтөөгө кетиптир. Анан кызымды баланын апасы экөөбүз отуруп алып сурадык. Ошол эле баланын 16 жаштагы иниси да сүйрөп барып зордуктаптыр», — деген апасы.