Таласта «акча көбөйтүп берем» деп алдап кеткен шектүү аял кармалды

Талас шаарынын милициясы акча көбөйтүп берүү убадасы менен ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелген аялды кармады. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Талас ШИИБге 2 жаран арыз менен кайрылган. Алардын бири 2022-жылдын 1-декабрь күнү аял киши ишеничине кирип 2 миллион 155 миң 500 сом акча каражатын көбөйтүп берем деп алдап алганын, ал эми экинчи жаран 2020-жылдын март айында аял акча көбөйтүп берүү убадасы менен 1 миллион 700 миң сом акчасын алдап алып, бүгүнкү күнгө чейин акчасын кайтарбай жаткандыгын жазган.

Бул фактылар Талас ШИИБге катталып, 209-берене (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Талас шаарынын 1967-жылы туулган тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.