Таласта аткезчилик менен ташылып бараткан 30 тонна күйүүчү май аныкталды

Талас облусунан күйүүчү-майлоочу каражаттарды мыйзамсыз ташуу фактысы боюнча оор жүк
ташуучу унаа кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Коштомо документтерге ылайык, ички күйүүчү кыймылдаткычтарга арналган жеңил көмүртектердин аралашмасы түрүндөгү күйүүчү май компонентиндеги жүк Чүй облусундагы жеке ишкерге таандык болгон.
Бирок көрсөтүлгөн күйүүчү май ташуучу унаа өлкөнүн түштүк аймактарын көздөй бара жатып, тагыраагы Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Чычкан капчыгайынан кармалган. Кармалган жүктүн жалпы көлөмү 30 тоннадан ашык болгон.
Учурда тиешелүү экспертизаларды дайындоо менен иштин бардык жагдайларын жана бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.