Таласта аялын өлтүрүүгө шектелип кармалган жаран абакта өз жанын кыюуга аракет кылды

Таласта аялын өлтүрүүгө шектелип кармалган жаран тергөө изоляторунда өз жанын кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча борбордун аймактык жетекчиси Нурлан Абдыраимов билдирди.

Анын айтымында, шектүү жаздыктан жыртылып, кийин өзү колго жасаган жипке асынууга аракет кылган. «Акипресс» жазган маалыматка караганда, аны өз убагында нөөмөттө турган кызматкерлер байкап калып, сыйыртмактан чыгарып, аман алып калууга үлгүрүшкөн. Учурда шектүүнүн абалы жакшы, бирок ал психологиялык-психиатриялык жардамга муктаж. Себеби шектүү жашагысы келбей жатканын айткан.

29-декабрда жаш келиндин жансыз денеси өз үйүнөн табылганы маалымдалган. Буга удаа эле 1992-жылы туулган келиндин өлүмүнө шектелип, анын 1988-жылы туулган жолдошу кармалганы белгилүү болгон. Каза болгон келиндин денесинде көк ала тактар бар экендиги аныкталган. Маркум 31-декабрда жерге берилди. Кармалган жаран соттун чечими менен 2 айга камакка алынды.