Таласта бейтаптын баласынан 14 миң сом талап кылууга шектелип дарыгер кармалды

Таласта жасаган операциясы үчүн акча алууга шектүү дарыгер кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Талас ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 251-беренеси (Кызматчынын сый акыны мыйзамсыз алуусу) менен кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында, Талас районунун Чат-Базар айылындагы жалпы дарыгерлер практика борборунун бөлүм башчысы, 1967-жылы туулган дарыгер Талас ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган.

Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө, ал өзүнө жана кесиптештерине мыйзамсыз сый акы алуу максатында 25 жаштагы жарандан анын апасынын өтүнө операция кылгандыгы үчүн 3 миң сом алып, дагы 15 миң сом акча талап кылгандыгы аныкталган. Арыз ээси дарыгерге кийин 11 миң сом берген.