Таласта депутат окуучу баланы кулчулукта кармап жүргөнбү? Милиция маалымат берди

25-августта ТикТок социалдык тармагында Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында депутат 4 айдан бери окуучу баланы бекер иштетип, малын кайтартып, кулчулукта кармап жүрөт деген маалымат чыккан. Талас ОИИБден маалымат беришип, бул маалымат милиция тарабынан каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Окуяда аты аталган жаран 1987-жылы туулган А.Р. экендиги такталган. Ал 2024-жылдын 10-июнь күнү койлорун кайтартуу үчүн 1984-жылы туулган жаранды койчу катары жалдаган. Койчусу өзү менен кошо 2012-жылы туулган жээнин ала келген. Социалдык тармакта жээни жетим экендиги айтылат. Бирок анын ата-энеси бар. Ал социалдык кызматкерлердин катышуусунда көрсөтмө берип, таякеси жалган билдирүү таратып жаткандыгын айткан.

Ал кулчулукка кабылбаганын, А.Р. аттуу жарандын үйүндө балдары менен кошо ойноп эле жашап жаткандыгын билдирген. Бала Таласка мектептеги окуу аяктагандан кийин каникул учурунда келгендигин, эч кандай кордук көрбөгөндүгүн айткан. Видеодо «депутат» делген жарандын милицияда иштеген туугандары бар экендиги айтылат. Бирок бул маалымат тастыкталган эмес.