Таласта эне 11 жаштагы кызына 39 жаштагы кошунасы сексуалдык ыплас иштерди жасаганын айтып чыкты

Таласта апасы 11 жаштагы кызына кошунасы сексуалдык мүнөздөгү ыплас иштерди жасаганга аракет кылганын айтып чыкты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Талас ОИИБден билдиришти.

11-июнь түнү саат 00:00 чамасында милицияга Талас шаарынын 1985-жылы туулган тургуну телефон аркылуу билдирүү жасаган. Анда 11 жаштагы кызын Урмат аттуу кошунасы үйүнө алып барып, сексуалдык мүнөздөгү ыплас иштерди жасаганга аракет кылганын айткан.

Аталган билдирүү боюнча Талас ШИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барган. Тургун арыз менен кайрылып, 10-июнь күнү саат 15:30 чамасында 2010-жылы туулган кызы кошунасы үйүнө алып барып, сексуалдык мүнөздөгү ыплас иштерди жасаганга аракет кылганын билдирип, Урмат аттуу жаранга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Кошунасынын 1983-жылы туулган жаран экендиги аныкталган. Аталган факты боюнча Талас ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тиешелүү соттук-эскпертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Текшерүү жүргүзүү жагы Тергөө кызматына алынып, Жазык кодексинин 158-беренеси менен кылмыш ишин козгоо жагы каралууда.