Таласта жаран 32 баш жылкысын таппай калган. Тергөө жүрүп жатат

Талас районунда жоголгон малды издеп табуу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

4-июнда​ Талас РИИБге Көпүрө-Базар айылынын тургуну 28-майдан бери Талас районунун Көпүрө-Базар айылына караштуу Кум-Бел жайлоосунда жайылып жүргөн 17 баш бээсин, 1 баш байталын, 1 баш айгырын жана 13 баш кулунун жалпысынан 32 баш жылкысын таппай жатканын билдирген. Жаранга болжолдуу 1​ миллион 810​ миң сомдук материалдык​ чыгым келтирилген. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.

Ошондой эле аймактык ички иштер органдарына, Мамлекеттик чек ара кызматынын 2029 аскер бөлүгүнө жана Жамбыл облусунун полиция департаментине багыттамалар берилген. Азыркы күнү аталган кылмыштын бетин ачып, кылмышка тиешелүү адамдардын аты-жөнүн тактоо максатында тергөө-оперативдик иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.