Таласта жарандын үйүнөн экстремисттик уюмдун үгүт материалдары табылды

Манас районунда ​мыйзамсыз сакталган экстремисттик уюмдун үгүт материалдары алынды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

14-март күнү Манас РИИБдин тергөө-ыкчам тобу жана УКМКнын кызматкерлери ​тарабынан 1962-жылы туулган жарандын үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда ​анын үйүнөн 8 даана “Ал-Ваъй”, 2 даана “Исламий Шахиясы”, 1 даана “Ислам түзүмү”, 1 даана “Халифалык кандай кулатылган” жана 1 даана “Исламда ижтима түзүмү” аттуу окуу журналдары табылган. Аталган журналдарга соттук-линвгистикалык жана дин таануу комплекстүү экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык, жогоруда аталган журналдар “Хизб-Ут-Тахрир аль Ислами” экстремисттик уюмунун үгүт материалдары деп табылган.

Кармалган Манас районунун Чеч-Дөбө айылынын тургуну мурда соттолгон. 2015-жылдан бери “Хизб-Ут-Тахрир аль Ислами” экстремисттик уюмунун мүчөсү катары каттоодо турат. Тергөө уланууда.