Таласта жаш келинди өлтүрүүгө шектелип кармалган жолдошу кайсы жакта иштей тургандыгы белгилүү болду

Таласта жаш келинди өлтүрүүгө шектелип кармалган жолдошу Талас шаарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча бөлүмдө иштейт. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.

29-декабрда жаш келиндин жансыз денеси өз үйүнөн табылганы маалымдалган. Буга удаа эле 1992-жылы туулган келиндин өлүмүнө шектелип, анын 1988-жылы туулган жолдошу кармалганы белгилүү болгон. Каза болгон келиндин денесинде көк ала тактар бар экендиги аныкталган.

Кармалган жаран соттун чечими менен 2 айга камакка алынды. Каза болгон келин 31-декабрда жерге берилди.