Таласта жаш келиндин өлтүрүлүшү. Кылмышка шектелип жолдошу кармалды

Буга чейин Талас шаарында жаш келиндин жансыз денеси табылган маалым болгон эле. Милиция маалымат таратып, кылмышка шектелип жолдошу кармалганын билдиришти.

29-декабрь күнү саат 10:40 чамасында Тез жардам кызматынан билдирүү келип түшкөн. Анда 1992-жылы туулган келин өз үйүндө каза болгондугу маалым болгон. Билдирүүнүн негизинде окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып кароо жүргүзгөн. Текшерүү учурунда каза болгон келиндин денесинде көк ала тактар бар экендиги аныкталган. Аталган факты Талас ШИИБге катталып, Жазык кодексинин 130-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары анын күйөөсү — 1988-жылы туулган жаран кармалды. Азыркы учурда окуянын чоо-жайын аныктоо максатында тийиштүү процессуалдык чаралар көрүлүүдө. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.