Таласта жаштар арасында мушташ чыгып, автоунаалар талкаланды

Талас шаарында жергиликтүү жаш балдар арасында массалык мушташ чыкты. Бул тууралуу Талас шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кече 13-февраль түнү Нуржанов жана Огомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Андагы массалык мушташта үч автоунаанын терезеси талкаланган.

Мындан улам аталган факт шаардык ички иштер башкармалыгында каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Азыркы учурда окуяга тийиштүү адамдар такталып, териштирүү жүрүп жатат.