Жашы жете элек кызды зордуктоо фактысын жаап-жашырып, ал үчүн пара алган Талас районунун ички иштер башкармалыгынын айылдык милиция бөлүмүнүн башчысынын ишин Талас облусунун прокуратурасы иликтөөнү аяктады. Бул туурадуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.
Маалым болгондой, 2023-жылдын март айында Талас РИИБнин айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы Ю.А. жашы жете элек кыздын айылдашы тарабынан зордукталгандыгы жөнүндө маалыматты алып, тез арада мыйзам чегинде чара көрүүнүн ордуна, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, шектүүнү чакырып, андан 70 миң сом өлчөмүндө пара алып, жогорудагы өзгөчө оор кылмышты жаап-жашырган.
Талас облусунун прокуратурасы бул жаап-жашырылган өзгөчө оор кылмышты аныктап, айылдык милиция бөлүмүнүн жетекчиси Ю.А.ны камакка алган, ал Кылмыш-жаза кодексинин 342 (пара алуу) жана 367 (кылмышты жаап-жашыруу) беренелери менен кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Учурда тергөө аяктап, иш соттун кароосуна жиберилди.