Таласта жол кырсыгы катталып, 53 жаштагы айдоочу каза болду

Таласта жол кырсыгы катталып, 53 жаштагы айдоочу каза болду. Бул тууралуу Талас облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

27-май күнү саат 20:35 чамасында Айтматов районунда Киров-Чаткал жолунун 5200-чакырымынан Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаасын Кара-Буура айылынын тургуну 1970-жылы туулган жаран түштүктөн түндүктү карай башкарып бара жатып, унаасы тиешелүү техникалык абалга жооп бербегендиктен жол кырсыгына кабылып, айдоочусу каза болгон.