Таласта жол кырсыгы катталып, 8 адам ооруканага түштү

Кечээ, 16-февралда саат 11:30 чамасында Таласта жол кырсыгы катталган. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Талас облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Талас районунун Жон-Арык айылында Honda Stepwgn унаасы менен Volkswagen Transporter унаасы жол кырсыгына учураган. Кесепетинен 8 жаран ооруканага түшкөн.