Таласта жол кырсыгынан 3 адам жабыркады

Таласта жол кырсыгынан 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Талас районунда такталган маалымат боюнча, Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 18 чакырымында Хонда Фит үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 3 адам ( 1971-жылы туулган  аял жана 1968-жылы, 1978-жылы туулган эки эркек) ар кандай жеңил жаракаттар алышты. Кырсык катталган жерге 4 куткаруучу тартылып, жабыркагандарды Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Абалдары туруктуу.