Таласта жол кырсыгынан 8 адам каза болду

Кечээ, 15-октябрь күнү саат 22:54 чамасында Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 61-чакырымында, тагыраагы Талас районуна караштуу Кара-Ой айылында Хонда-Степвагон менен ДАФ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаалар жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен 8 киши (7 эркек, 1 аял) каза болду. Аты-жөндөрү такталууда. Кырсык катталган жерге 4 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандарды унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Буга чейин «Элдик кабарчы» рубрикасына жогорудагы кырсыкка күбө болгон окурман оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу жеңил унаа жолдогу жылкыдан качып, алдына кирип кеткенин айтканын билдирген.