Талас облусунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
28-февралда Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында айып короо жайынан унааны берүү боюнча акча каражатын мыйзамсыз алгандыгы үчүн Талас облусунун Айтматов райондук ички иштер башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору, милициянын майору жана Талас облусунун Айтматов райондук ички иштер башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кенже инспектору кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.