«Таласта жүрөк үшүн алган жол кырсыгы катталды» деген видео тарады

Социалдык тармактын колдонуучулары бүгүн, 23-октябрда Таласта жүрөк үшүн алган жол кырсыгы катталганын айтып, видео менен бөлүшүп жатышат.

Алдын ала маалыматтарга караганда, каза болгон бар.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги кырсык боюнча Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына кайрылганыбызда, учурда тактоо иштери жүрүп жатканын айтышты.