Таласта жүрөк үшүн алган жол кырсыгы видеого түшүп калган

Социалдык тармактын колдонуучулары бүгүн, 23-октябрда Таласта жүрөк үшүн алган жол кырсыгы катталганын айтып, видео менен бөлүшүп жатышат.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги кырсык боюнча Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына кайрылганыбызда, жол кырсык Талас шаарында катталганын билдиришти. «Жеринде кызматкерлер иш алып барып жатышат. Алдын ала маалыматтар боюнча, ак түстөгү унаа жол эрежесин одоно түрдө бузуп, каршы тилкеге чыгып, жолдон өтүп бараткандарды да сүзүп кеткен. Токтото албай, башка да унаа менен сүзүшкөн. Каза болгондор бар», — дешти.