Таласта жүрөк үшүн алган жол кырсыктан 3 адам каза болгону айтылды

Социалдык тармактын колдонуучулары бүгүн, 23-октябрда Таласта жүрөк үшүн алган жол кырсыгы катталганын айтып, видео менен бөлүшүп жатышат.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги кырсык боюнча Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына кайрылганыбызда, жол кырсык Талас шаарында катталганын билдиришкен. «Алдын ала маалыматтар боюнча, ак түстөгү унаа жол эрежесин одоно түрдө бузуп, карама-каршы тилкеге чыгып, жолдон өтүп бараткандарды да сүзүп кеткен. Токтоно албай башка да унаа менен сүзүшкөн. Каза болгондор бар», дешкен.

Жергиликтүү маалымат каражаттары 31 жаштагы келин 2 кызы менен каза болгонун жазып жатышат. Hyundai Sonata унаасы катуу ылдамдыкта каршы тилкеге ​​чыгып, жолдон өтүп бара жаткан 31 жаштагы аялды жана анын 4 жана 6 жаштагы кыздарын сүзүп, андан кийин токтоп турган эки унааны сүзгөн. Келин кыздарын бала бакчага алып бара жатканын жазышты.

Милиция каза болгондор тууралуу маалымат берише элек.